БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 12-декабрдагы жыйынында Лейлек жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, ваканттык депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндөгү чечимдерин бекитүү токтомун кабыл алды.
Лейлек районунан:
Исфана шаардык кеңешинен - Абдурасул Комиловдун ыйгарым укуктары жеке арызына байланыштуу токтотулуп, анын мандаты жеке ишкер Зокиржан Баратовго ыйгарылды.
Жайыл районунан:
Кара-Балта шаардык кеңешинен - Данияр Шакирбаев депутаттык кызмат менен бирге иштөөгө болбой турган кызматка кеткендигине байланыштуу анын мандаты жеке ишкер Саламат Закировго берилди.
Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, алардын ваканттык депутаттык мандаттарын шайланган депутаттардан кийинки депутаттыкка талапкерлерге берүүнү Лейлек жана Жайыл аймактык шайлоо комиссиялары, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 20-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине ылайык кабыл алышкан. КР БШКсы өз чечимин "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР мыйзамынын 52-беренесине, "Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
