2020–ж. 12-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

12 декабря 2020

Өткөрүү датасы: 12 декабрь 2020-ж.

Убактысы: 16 :30

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Лейлек жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Бишкек шаары жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

(баядамачы – Уметалиев А.Т. - эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы)

5. А.Мадумаров, К.Исаев, Б.Асановдун арызы жөнүндө.

(баядамачы – Шаршеналы у. А., укуктук камсыздоо бөлүмдүн башчысы)

6. Ар түрдүү маселелер