Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды

11 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 11-декабрдагы жыйынында 3-декабрда болуп өткөн Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитүү токтомун кабыл алды. КР БШКсы 2020-жылдын 13-ноябрында №309-токтому менен мэрди шайлоону дайындаган. Жалал-Абад шаарынын мэри кызматына 2 талапкер - шаардык депутаттардын "Ак-Тилек" коалициялык көпчүлүгү тарабынан Эрнисбек Ормоков, "Республика" фракциясынын депутаттары тарабынан Эрнист Зияйдинов көрсөтүлгөн. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 3-декабрдагы протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталган. Добуш берүүгө Жалал-Абад шаардык кеңешинин 31 депутатынын 28и катышып, Эрнисбек Ормоков 28 добушка ээ болгон. Эрнист Зияйдинов бир дагы добушка ээ болгон эмес, "бардыгына каршы" позициясына да эч ким добуш бербеген. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын 3-декабрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгынын протоколу боюнча Эрнисбек Ормоков Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланган. Бул шайлоого эч кимден арыздар, даттануулар түшкөн эмес. БШК өз токтомун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 43-беренесине ылайык кабыл алды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү