КР БШК жана ОБСЕ БДИПЧ алдыда болуучу КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого даярдыктарды талкуулады
10 декабря 2020
Бүгүн, 2020-жылдын 10-декабрында, КР Шайлоо жана референдумѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасы Н. Шайлдабекова менен Тамаш Месерич башында турган ОБСЕ БДИПЧ миссиясынын мүчѳлѳрү менен жолугушуу болуп ѳттү.
Жолугушууда КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо ОБСЕ БДИПЧтин ишмердигине тийиштүү маселелер талкууланды.
КР БШК азыркы учурда КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо процесси жүрүп жаткандыгын, ал 2020-жылдын 14-декабрына чейин улантыларын маалымдады. 15-декабрдан тартып үгүт жүргүзүү мезгили башталат. КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону ѳткѳрүү мѳѳнѳтүн чейрекке кыскартуу теледебаттардын активдүү программалары менен орду толукталат.
Ошондой эле, шайлоонунун инклюзивдүүлүгүнѳ, шайлоочулардын тизмесин тактоого байланышту, анын ичинде шайлоо участкаларын ѳзгѳртүү тууралуу арыздарды (2-форма) жокко чыгаруу түрүндѳгү активдүү иштер жүргүзүлүүдѳ.
ОБСЕ БДИПЧ программалык офисинин колдоосу менен КР БШК бардык обулустарда 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо шайлоочуларды сатып алууга жана административдик ресурстарды пайдаланууга каршы аракеттенүү боюнча укук коргоо органдары үчүн окутуу тренингин ѳткѳрүүдѳ.
КР Өкмѳтү менен бирдикте Мыйзамдын алкагында шайлоону ѳткѳрүүгѳ даярдыктар боюнча активдүү иштер: биометиркалык каттоодон ѳтүү боюнча шайлоочулардын арасында маалыматтык-консультативдик иштерди жүргүзүү, шайлоочулардын тизмесинен ѳздѳрүн тактоо, ошондой эле административдик ресурстар пайдаланылган, шайлоочуларды сатып алуулар жана башка мыйзам бузуулар болгон учурда ыкчам таасир этүү чараларын кѳрүү, участкаларда санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштер жүргүзүлүүдѳ.
ОБСЕ БДИПЧ миссиясынын башчысы Т.Месерич алдыдагы шайлоого байкоочу катары чакыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына ыраазычылык билдирди. Өзүнѳн башка дагы 13 эксперт миссияга киргенин, алар Бишкеке келишкенин билдирди. Ошондой эле 22 узак мѳѳнѳттүү байкоочулардын келиши күтүлүүдѳ, алар 15-декабрдан тартып тийиштүү аймактарга бүткүл ѳлкѳ боюнча бѳлүштүрүлѳрүн кабарлады.
Т. Месерич талапкерлерди жана шайлоочуларды каттоону, шайлоо ѳнѳктүгүнүн жүрүшүн, шайлоо комиссияларынын жана мамлекеттик түзүмдѳрдүн иштерин, шайлоо мыйзамдарынын сакталышын жана ОБСЕ алкагындагы стандарттага ылайык шайлоо талаш-тартыштарын чечүүнү кошуп алганда, байкоочулар шайлоонун негизги аспектилерин кылдат кѳзѳмѳлдѳѳнү жүргүзѳ тургандыгын белгиледи.
ОБСЕ БДИПЧ миссиясы ѳзүнүн ишинин жыйынтыктары боюнча 2 жумадан кийин аралыктагы отчетун берет. КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого мониторинг боюнча толук отчетту шайлоодон кийин 8 жуманынын ичинде берет.
КР БШК маалымат бѳлүмү
