КР БШК Ош облусунун Ноокат районунда кеңешме өткөрдү

09 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы  Н. Шайлдабекованын төрагалыгы алдында төмөн турган аймактык (АШК) жана участкалык (УШК) шайлоо комиссиялары менен Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдануу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге Ноокат райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – акими Марипов Бакытбек Асамидинович, Ош облусунун Ноокат районунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын  (101 УШК) төрагалары катышты.

Кеңешменин жүрүшүндө КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн уюштуруу маселелери талкууланды, комиссиялардын ишиндеги айрым каталарды жоюу боюнча иш жүргүзүүнүн, добуш берүү жана добуштарды анык саноонун жол-жоболорун катуу сактоонун, идентификация жана добуштарды автоматтык түрдө саноочу АЭУ жабдыктарын пайдалануу көндүмдөрүн жакшыртуунун, маалыматтарды өткөрүп берүүнүн зарылдыгы белгиленди.

Эркин шайлоонун негизи катары добуш берүүнүн купуялыгын камсыздоо өзгөчө мааниге ээ. Шайлоочулардын өздөрү тарабынан добуш берүүнүн купуялыгын ачуу учурлары (сүрөткө тартуу ж.б.) көбөйгөндүгүнө байланыштуу мындай фактыларга карата чара көрүүнүн алгоритми талкууланды: бюллетень жараксыз (бузулган) деп таанылышы мүмкүн, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын (добуш берүүнүн купуялыгын сактоо, бюллетенди сүрөткө жана көрмөгө тартууга тыюу салуу) аткарбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Өткөрүлгөн КР ЖК депутаттарын шайлоонун сабактарын эске алып, шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдарды бузууларга карата натыйжалуу ыкчам чара көрүү жана көрүлгөн чаралар тууралу коомчулукка өз убагында маалымдоо боюнча шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен өз ара тыгыз аракеттешүүсүн камсыздоо милдети коюлду.

Район, шаарлардагы АШКлар алдындагы ыкчам чара көрүүчү координациялык топтор өз иштерин КР БШКнын борбордук ыкчам чара көрүүчү координациялык тобу менен өз ара аракеттешип жүргүзүүлөрү керек. УШКлар менен АШКларга түшкөн бардык даттануулар БШКнын сайтына – Даттануулардын  жана бузуулардын бирдиктүү реестрине ыкчам түрдө өткөрүлүүгө тийиш экендиги белгиленди.

Ошондой эле билим берүү кызматкерлеринин шайлоо процессине катышуусу жөнүндө маселе талкууланды, билим берүү кызматкерлерин үгүт жана КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоого колтамгаларды чогултуу процессине тартууга жол берилбестиги белгиленди.

КР БШК төрагасы мугалимдердин шайлоо комиссияларындагы иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди, алардын компетенциясы жана жоопкерчилиги шайлоо тутумунун иштешинин маанилүү негизи болуп саналат.

Ошону менен бирге Бузуулар жөнүндө кодексте шайлоону даярдоо мезгилинде комиссия мүчөлөрүнө эмгек акысын сактоо менен эмгек өргүү бербегендик үчүн укуктук жоопкерчилик (айып пул) бар экендиги белгиленди.

Маалымат үчүн:

Ноокат районунда 148 248 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 101 шайлоо участогу ачылган. Шайлоо комиссияларынын 1 296 мүчөсү шайлоого даярдоону камсыздайт.

КР БШК маалымат бѳлүмү