КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штаб Баткен облусунда көчмө жыйналыш өткөрдү
09 декабря 2020
КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча республикалык штаб Баткен облусунда көчмө жыйналыш өткөрдү.
КР БШК мүчөсү Т. Шайназаров шайлоонун жүрүшүндө бузууларга ыкчам чара көрүү маселелери боюнча чыгып сүйлөдү. Ал бузууларга байланыштуу билдирүүлөр боюнча шайлоо комиссияларынын ички иштер органдары менен өз ара аракеттешүү тартибин түшүндүрдү, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралу жарандарга маалымат берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Т. Шайназаров ошону менен бирге шайлоодо бузууларды кароонун мөөнөтүнүн жана тартибинин сакталышына прокурордук көзөмөлдүн маанилүүлүгүн белгиледи. Мөөнөт 2-3 күндү түзөт.
Ыкчам чара көрүү координациялык топтор ар бир райондо жана шаарда түзүлгөн, алардын курамына шайлоо комиссияларынын төрагалары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирет.
Жыйналыштын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине төмөнкүдөй милдеттер коюлду:
- 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү, анын ичинде үзгүлтүксүз байланыш, электр энергиясы, транспорт менен камсыздоо боюнча шайлоо комиссияларына көмөктөшүү;
- 2021-жылы 10-январда Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алууда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо;
- шайлоо участокторун жылуулук менен үзгүлтүксүз жабдуу;
- укук коргоо органдары тарабынан шайлоо участокторун жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо;
- шайлоочулардын көйгөй маселелерин жер-жерлерде чечүү;
- шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө республикалык штабга өз убагында маалымат берүү;
- шайлоо комиссияларын материалдык-техникалык жактан камсыздоо;
- шайлоочулардын арасында биометрикалык каттоодон өтүү, өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо боюнча маалыматтык-кеңеш берүү иштерин жүргүзүү;
- административдик ресурс пайдаланылган, шайлоочулардын добуштары сатылып алынган, ошондой эле башка мыйзам бузуулар болгон учурларда ыкчам чара көрүү;
- өзгөчө категориядагы жарандар менен иш жүргүзүү;
- керектөө картасын тактоо, калктын кыймылы жай категориялары – ДМЧАлар үчүн шарттарды түзүү (пандустар, кармагычтар, чакыруу баскычтары менен жабдуу);
- мугалимдер, медицина кызматкерлери ж.б. өкүлдөр тартылган шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн ишине тоскоолдук кылбоо.








КР БШКнын маалымат бөлүмү
