КР БШКсы Т. Ормуковдун документтерин кайтарып берди
09 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-декабрдагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун, ошондой эле КР Президентинин кызматына көрсөткөн талапкерлигин алып салуу тууралуу берилген арыздын негизинде, КР БШКСы Темирлан Ормуковдун арызын канааттандыруу менен анын документтерин кайтарып берүү жана анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу чечимин кабыл алды. Т. Ормуков 2020-жылдын 14-ноябрында КР Президенти кызматына талапкерлигин кое тургандыгын билдирип арыз берген. 8-декабрда Т. Ормуков өз талапкерлигин алып салуу тууралуу арыз берди. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР констиутциялык мыйзамынын 53-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Президенттин кызматына талапкер добуш берүүгө чейинки 3 календарлык күндүн ичинде андан аркы шайлоого катышуудан баш тарта алат.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
