БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
09 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 9-декбарындагы жыйынында Бакай-Ата, Токтогул жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү боюнча токтом кабыл алды.
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ленинполь айылдык кеңешинин дептутаты Омуралиев Аскат Эсенбековичтин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулган. Мандат Жакыбалиев Бактыгул Сатканкуловичке – “Талант” дыйкан чарбасынын башчысына ѳткѳрүлүп берилген.
Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин дептутаты Мамытбеков Замирбек Куручбековичтин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулган.
Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылдык кеңешинин дептутаты Талипов Табылды Келгенбаевичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулган. Мандат Талантбеков Кайрат Талантбековичке – Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинин окутуучусуна ѳткѳрүлүп берилген;
Ысык-Кѳл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылдык кеңешинин дептутаты Каранаев Адилет Амантуровичтин ыйгарым укуктары депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга шайкеш келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу токтотулган. Мандат Усубакунов Тѳлѳгѳн Мукашевичке – Ак-Суу тазалык МИ механигине
ѳткѳрүлүп берилген.
Токтом «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынган.
КР БШК маалымат бѳлүмү
