БШК айрым шайлоо участкаларынын даректерин ѳзгѳрттү
09 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 9-декабрындагы жыйынында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Чүй облусунун Чүй райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын тѳмѳндѳгү даректерин ѳзгѳртүү боюнча токтом кабыл алды.
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу району
Бөрү-Баш айыл аймагы
- № 3134 шайлоо участкасынын дареги Ленина көчөсү, 38 дарегиндеги Бөрү-Баш айылдык клубунун имаратынан Ленин көчөсү, 58а, дарегиндеги Токоев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
Нарын облусу
Ак-Талаа району
Ак-Чий айыл аймагы
- № 4086 шайлоо участкасынын дареги С. Секиев көчөсү, 33 дарегиндеги Ак-Чий айылдык клубунун имаратынан Уста Турдуке көчөсү, 46 дарегиндеги М. Балбаков атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
Баетов айыл аймагы
- № 4092 шайлоо участкасынын дареги Султаналиев көчөсү, 56дарегиндеги Баетов айылдык клубунун имаратынан Ынакбеков көчөсү, 68 дарегиндеги Э. Карасартов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
- № 4093 шайлоо участкасынын дареги А. Жусубалиев көчөсү, 16/1 дарегиндеги Кайыңды-Булак айылдык клубунун имаратынан Совет көчөсү, 7 дарегиндеги Б. Мусуралиев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
Жаны-Талап айыл аймагы
- № 4098 шайлоо участкасынын дареги А. Жусубалиев көчөсү, 16/1 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Мааназаров көчөсүндѳгү М. Байымбет атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
Чүй облусу
Чүй району
Ибраимов айыл аймагы
- № 7038 шайлоо участкасынын дареги М.Айтбаев көчөсү, 5 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан М.Айтбаев көчөсү, 3 дарегиндеги У.Жумабаев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
- № 7044 шайлоо участкасынын дареги Ленин көчөсү, 43 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Насырбек уулу Нурбек көчөсү, 12 дарегиндеги орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн;
Чүй айыл аймагы
- № 7059 шайлоо участкасынын дареги Чүй көчөсү, 28 дарегиндеги маданият үйүнүн имаратынан Чүй көчөсү, 8 дарегиндеги И.Укуев атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлсүн.
Чечим шайлоо участкаларынын имараттарында жылуулуктун жоктугуна байланыштуу Ак-Суу, Ак-Талаа жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4- пункттарына ылайык кабыл алынды.
Ак-Суу, Ак-Талаа жана Чүй аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүү тапшырылды.
КР БШК маалымат бѳлүмү
