КР БШК Нарын шаарында укук коргоо органдары үчүн тренинг өткөрдү
08 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин колдоосу алдында Нарын шаарында укук коргоо органдарынын, ички иштер жана прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн окутуу семинарын өткөрдү.
Ички иштер бөлүмүнүн жана прокуратуранын кызматкерлери тартылган укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн бир күндүк семинар-тренингдер ыкчам чара көрүүчү координациялык топтордун (ЫЧКТ) ишин өркүндөтүү максатында өткөрүлүүдө.
Укук коргоо органдары үчүн тренинг 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана администрациялык ресурсту пайдаланууга каршы аракеттенүүгө багытталган. Өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө администрациялык ресурсту кыянат пайдалангандык жана шайлоочулардын добуштарын сатып алгандык үчүн жоопкерчилик жөнүндө айтылды, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузуулардын ар кандай түрлөрүн жана укуктук жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуу тартибин камтыган бир катар башка кейстер берилди.
Тренингде шайлоонун жүрүшүндө бузууларды квалификациялоо, шайлоо мыйзамдарын бузгандык үчүн укуктук жоопкерчиликтин түрлөрү, шайлоочулардын тизмесин түзүү процессинде, үгүт ишинин процессинде мыйзамдуулукту камсыздоо, добуш берүү күнү шайлоо участокторунда коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо маселелери талкууланды.
Тренингде администрациялык ресурсту кыянат пайдалангандык жана шайлоочулардын добуштарын сатып алгандык үчүн жоопкерчиликти караган практикалык тапшырмаларды чечмелөөгө, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузуулардын ар кандай түрлөрүн жана укуктук жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуу тартибин камтыган бир катар башка кейстерге көңүл бурулду.


БШК маалымат бөлүмү
