БШК Отрадное жана Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындады

07 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-декабрдагы жыйынында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Отрадное жана Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындаган токтом кабыл алды.

Ак-Суу районундагы Отрадное айылынын өкмөт башчысын шайлоону КР БШКсы 2020-жылдын 18-ноябрындагы №345-токтому менен 7-декабрда өткөрүүнү дайындаган, бир дагы талапкер катталбагандыктан шайлоо болгон жок.

Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону да БШК 2020-жылдын 18-ноябрындагы №345-токтому менен 7-декабрда өткөрүүнү дайындаган, бирок бул жакка да талапкер катталган эмес.

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерин, "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу  жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесин, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2017-жылдын 6-январында №3-токтому менен бекиткен "Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө" Жобону жетекчиликке алуу менен, КР БШКсы Ак-Суу районундагы Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын, Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону 2020-жылдын 21-декабрында саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүүнү дайындады.

Ак-Суу жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссияларына кайра шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен жана КР Өкмөтү 2020-жылдын 11-майында №244-токтому менен кабыл алган санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү