КР БШК 12 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

07 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 7-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочу катары ЕККУ (ОБСЕ) ДИАУБдун (БДИПЧ) 12 өкүлүн аккредитациялоо жөнүндө токтом кабыл алды.
2020-жылдын 7-декабрына карата БШК дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 7 эл аралык уюмдун өкүлү болуп саналган 55 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Ханнс Зайделдин Фондунун КРдеги өкүлчүлүгү – 1 байкоочу;
Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү – 1 байкоочу;
Молдова БШК – 2 байкоочу;
КМШ ПАА – 34 байкоочу;
КМШ миссиясы – 4 байкоочу;
Азербайжан БШК – 1 байкоочу;
ЕККУ (ОБСЕ) ДИАУБ (БДИПЧ) – 12 байкоочу.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016- жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып кабыл алынды.

БШК маалымат бөлүмү