БШК Ош АШКнын курамына жана резервине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизди

07 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 7-декабрындагы жыйынында Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү боюнча тѳмѳндѳгүдѳй токтом кабыл алды:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн А. А. Сатыбалдиева, Б.А. Топчубаева комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нурмамабетова Миргул Сапарбаевна, Аматов Жоомарт Талантбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.                       
Чечим Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгуу боюнча А. А. Сатыбалдиеванын, Б.А. Топчубаеванын арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19, 22-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын   2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобого ылайык кабыл алынды.

КР БШК маалымат бѳлүмү