БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту жана бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берди
07 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн – 2020-жылдын 7-декабрындагы жыйналышында Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Полотов Сейитбек Ажиевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат пенсионер Тухтабаев Рустамга өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Кабылов Абдузакыр Хапизовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат жеке ишкер Ражапов Таир Акматовичке өткөрүп берилди.
Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
