БШК коомдук байкоочуларды каттады

07 декабря 2020

Бүгүн, 2020-жылдын 7-декбарында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы ѳзүнүн жыйынында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1 –беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы
№ 263 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы №226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасыныни Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жѳнүндѳ» жобону жетекчиликке алып, тѳмѳндѳгүдѳй чечим кабыл алды:
1. КР БШКнын 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 269 чечими менен катталган «Жалпы иш» коомдук фондусунан Асылбеков Таалайбек Спартаковичти, Аалиев Тариэл Муратбековичти коомдук байкоочу катары каттоо жокко чыгарылсын жана белгиленген үлгүдѳгү берилген күбѳлүктѳрү анык эмес деп таанылсын.
2. 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү учурунда «Жалпы иш» коомдук фондусунан Султанов Махмут Султановичке жана Самаков Бакытбек Таалайбековичке белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүк берилүү менен коомдук байкоочулар катары КР БШКда катталсын.

КР БШК маалымат бѳлүмү