Орток айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды

07 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 7-декабрдагы өзүнүн жыйынында, 3-декабрда болуп өткөн Нарын облусунун Нарын районундагы Орток айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун болгонун тааныган  токтом кабыл алды. Бул шайлоону өткөрүү БШКнын 2020-жылдын 14-ноябрындагы №318-токтому менен дайындалган.

Орток айыл өкмөтүнүн башчылыгына бир талапкер, Орток айылдык кеңешинен көрсөтүлгөн Эркинбек Өмүрзаков көрсөтүлгөн.

2020-жылдын 3-декабрындагы Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу менен добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Добуш берүүгө айылдык депутаттардын 11нин 9у катышкан. Эркинбек Өмүрзаков 8 добушка ээ болсо, бир бюллетень жараксыз болуп калган, "бардыгына каршы" позициясы боюнча добуш берилген эмес.

Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 3-декабрдагы протоколу боюнча Эркинбек Өмүрзаков Орток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Бул шайлоого эч кимден арыз, даттануулар түшкөн эмес.  

БШК өз чечимин Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын 3-декабрдагы протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 6-7-18-беренелерине, "Жергиликтүү башкаруу жөнүндө" КР мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү