Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат

07 декабря 2020

2020-жылдын 7-декабрында болуп өткөн Ош облусунун Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат.

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчылыгына жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан көрсөтүлгөн Нурланбек Жунусов жана Уланбек Эсенали уулу талапкер болуп катталышкан.

Добуш берүүгө Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 31 депутатынын бардыгы тең катышып, Нурланбек Жунусов 16 добуш, Уланбек Эсенали уулу 15 добуш алган.

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Нурланбек Жунусов шайланды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү