БШК КР Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн 13 талапкердин документтерин кайтарып берди

06 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 6-декабрындагы жыйналышында “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин алып салуу жөнүндө берилген арыздардын негизинде КР Президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн төмөнкү 13 талапкердин арыздарын канааттандыруу жана документтерин кайтарып берүү, шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн  ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды:

  1. Бакир уулу Т. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 13-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган;
  2. Жумагулов Б.С. КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 14-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган;
  3. Исабеков К.С. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 14-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган;
  4. Камчиев Ж. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 12-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган;
  5. Малиев А.К. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 12-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган;
  6. Сыдыков А.Т. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 5-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган;
  7. Темишов Б. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 14-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган;
  8. Тукунов А.Ш. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 14-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган;
  9. Турдумалиев С.А. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 5-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 1-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган;
  10. Шер-Нияз С. – КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 12-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 1-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган;
  11. Энназаров С.А. КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 14-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган;
  12. Эсенбеков А.Э. КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 11-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган;
  13. Маматов А.Д. КР Президентинин кызмат ордуна өз талапкерлигин коюу ниети жөнүндө 2020-жылы 14-ноябрда арыз берген, 2020-жылы 3-декабрда өз арызын кайра чакыртып алган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Президенттин кызмат ордуна талапкер кандай болбосун убакта, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу.

БШК маалымат бөлүмү