КР БШК 43 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
06 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 6-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациядан өткөрүү чечимин кабыл алды.
2020-жылдын 6-декабрына карата 7 чет өлкөдөн 6 эл аралык уюмдун атынан 43 эл аралык байкоочу катталды.
Кыргызстандагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлчүлүгүнөн – 1 байкоочу;
Шайлоо системаларынын эл аралык өкүлчүлүгүнөн (IFES) – 1 байкоочу;
Молдова БШКнан – 2 байкоочу;
КМШ ПАА – 34 байкоочу;
КМШ Миссиясы – 4 байкоочу;
Азербайджан БШКнан – 1 байкоочу.
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5 бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
