БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, талапкерлер катталган тизмеден чыгарып жана ваканттык депутаттык мандаттарды ыйгарды

06 декабря 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 6-декабрындагы жыйынында, Араван, Кочкор, Чүй, Жайыл, Кадамжай жана Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана ваканттык депутаттык мандаттарды Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин шайланган депутаттарынан кийинки депутаттыкка талапкерлерге берүү жөнүндө чечимин бекитүү токтомун кабыл алды.

Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кенешинин депутаты Таалайбек Калмурзаевдин ыйгарым укуктары анын депутаттык иш менен келишпей турган башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Маматразак Калмурзаевге берилди.

Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаты Гайратжон Каюмовдун ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, анын мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Адылбек Мендибаевге ыйгарылды.

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты Каныбек Ыбышевдин ыйгарым укуктары анын депутаттык иш менен бирге алып кетүүгө болбогон кызматка дайындалгандыгына байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты дыйкан чарбасынын мүчөсү Таалайбек Мыктыбековго берилди.

Нарын шаардык кеңешинин депутаты Анара Бердикожоеванын ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты убактылуу иштебеген Гүлзат Нурманбетовага тапшырылды.

Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айылдык кеңешинин депутаты Манас Осмоналиевдин ыйгарым укуктары анын депутаттык иш менен бирге иштөөгө болбой турган кызматка баргандыгына байланыштуу жеке арзынын негизинде токтотулуп, мандаты фермер Нурсултан Бактыбаевге берилди.

Чүй районундагы Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаты Марс Ашировдун ыйгарым укуктары анын депутаттык иш менен бирге иштөөгө болбой турган кызматка дайындалгандыгына байланыштуу жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты жеке ишкер Таланбек Ибраимовго тапшырылды.

Баткен облусундагы Кадамжай районундагы Бирлик айылдык кеңешинин депутаты Зиядалла Базарбаевдин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулуп, мандаты кадастр кызматынын башкы адиси Асанбай Жороевге берилди.

БШК 6-декабрдагы жыйынында Чүй жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимин бекитүү токтомун кабыл алды:

Чүй облусунун Чүй районундагы Кегети айылдык кеңешине талапкер Нурмамбет Эстебесов жеке арызынын негизинде катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды;

Чүй облусунун Кара-Балта шаардык кеңешине талапкер Чынгыз Карабаевдин жеке арызынын негизинде ал катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.

Токтом “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 6-7-14-18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө” КР мыйзамынын 52-беренесине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү