БШК Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады

04 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 4-декабрындагы жыйналышында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2020-жылдын 24-декабрына дайындоо жана  саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү жөнүндө токтом кылды.

Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2020-жылдын 3-декабрындагы № 324-б буйругу менен Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Курманкулов Раимберди Аалыевич өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.

БШК чечимди “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алды.

БШК маалымат бөлүмү