Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
03 декабря 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-декабрындагы жыйынындагы кабыл алынган чечимдин негизинде Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүн шайлоо болуп өттү деп таанылды.
Ысык-Көл областынын Тоң районундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 6-ноябрындагы №297 токтомунун негизинде 2020-жылдын 25-ноябрында болуп өттү.
Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Закиров Айбек Сүйүнбекович райондук мамлекеттик администрациясынан жана Монолдоров Саматбек Шаршенбекович жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталышып катталышкан.
Күе-Чыгыш айылдык кеңешинин 21 депутатынан 19 добуш берүүгө катышкан, А.С.Закиров 5 добуш, С.Ш.Монолдоров 13 добушка ээ болгон, 1 добуш – “баарына каршы” берилген.
Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 25-ноябрындагы протоколу менен Монолдоров Саматбек Шаршенбекович Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2020-жылдын 25-ноябрындагы Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечимин кабыл алды.
