БШК эки айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындады

03 декабря 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 3-декабрындагы жыйынында Чүй областынын Панфилов районунун Вознесеновский айыл өкмөтүнүн жана Ысык-Кѳл областынын Тоң районундагы Каджи-Сай айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо тууралуу токтом кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 308 токтому менен дайындалган Чүй областынын Панфилов районунун Вознесеновский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу 2020-жылдын 2-декабрында болуп ѳткѳн жок.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 311 токтому менен дайындалган Ысык-Кѳл областынын Тоң районундагы Каджи-Сай айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу 2020-жылдын 2-декабрында болуп ѳткѳн жок.

Жогоруда белгиленгендерди эске алып Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Чүй областынын Панфилов районунун Вознесеновский айыл өкмөтүнүн жана Ысык-Кѳл областынын Тоң районундагы Каджи-Сай айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын 2020-жылдын 17-декабрында 9:00дөн 12:00 саатка кайра шайлоону дайындоо тууралуу чечим кабыл алды.

Панфилов жана Тоң аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен кайра шайлоо ѳткѳрүүнү уюштурсун.

КР БШК маалымат бѳлүмү