2020–ж. 3-декабрында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

03 декабря 2020

Өткөрүү датасы: 3 декабрь 2020-ж.

Убактысы: 16:00

Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы

 

1. 2020-жылы 25-ноябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

2. 2020-жылы 30-ноябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

3. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын, Баткен, Кадамжай райондорунун, Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунун, Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун, Ч?й облусунун Токмок шаарынын, Жайыл, Аламүдүн, Кемин, Сокулук, Москва, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунун аймагындагы шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары жөнүндө

(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

4. Чүй облусунун Панфилов районунун Вознесеновка жана Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Алай жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

(баядамачы – Айтикеев Т.О., шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)

6. Ар түрдүү маселелер

Төрага