КР БШКда мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйыны болду

02 декабря 2020

2020-жылдын 2-декабрында, майыптардын эл аралык күнүнүн алдында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү.

Жыйында 2019-2020-жылдар аралыгында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин планынын аткарылышына анализ жасалды. Жумушчу топ тарабынан бардык шайлоо участоктору боюнча эсеп жүргүзүү үчүн керектөөлөрдүн картасынын формасы иштелип чыккандыгы белгиленди. 2020-жылдын 4-октябрында болуп өткөн КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо бардык участоктордо керектөөлөрдүн картасы түзүлгөн.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларды эсепке алуу үчүн социалдык өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укугу бар мамлекеттик орган, мындай шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндөгү маалыматты ар жылдын 1-февралында жана 1-августунда Борбордук шайлоо комиссиясына жиберип турат.

Шайлоо күнүндө ар бир шайлоо участогунда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрсөткүч белгилер коюлуп, добуш берип бюллетенди толтуруусу үчүн бир кабина атайын керектүү буюмдар - чоңойто турган айнек (лупа) жана Брайль трафарети менен жабдылат.

Ай сайын бүтүндөй республика боюнча участкалык шайлоо комиссияларында пандустарды орнотууга мониторинг жасалып турат. Пандустар салынган шайлоо участокторунун санынын көбөйүшү 2020-жылдын февралында 43% августта 65,7% сентябрда 79% декабрда 83,4% болгон.

Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар шайлоо участогуна кирүүдө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү аларга жардам кылуусу үчүн, “Чакыруу кнопкасы” аталган 2 400 көрсөткүч табличкалары даярдалган.   

2020-жылдын 1-декабрына карата пандустар боюнча маалымат (УШК саны – 2420)

Аймактардын аталышы

УШКлардын саны

Орнотулган

Проценттер

Орнотула элек

Проценттер

Зарылдык жок

Проценттер

 

  1.  

Бишкек шаары

233

208

89,2%

25

10.7%

0

 

  1.  

Чүй облусу

406

362

89,1%

30

7,3%

0

 

  1.  

Талас облусу

117

109

93%

0

0

3

2,5 %

  1.  

Нарын облусу

171

168

98,2%

3

1,7%

0

 

  1.  

Ысык-Көл  облусу

248

225

90,7%

13

5,2%

10

4%

  1.  

Жалал-Абад облусу

448

356

79,5%

61

13,6%

31

6,9%

  1.  

Ош облусу

582

410

70,4%

62

10,2%

110

19%

  1.  

Баткен облусу

215

182

84,6%

18

8,3%

17

7%

 

2420

2020

83,4%

215

8,8%

185

7,6%

Шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуудагы потенциалын жогорулатууда КР БШКнын атайын өкүлдөрүнө, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары менен катчыларына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктарын камсыздоо боюнча иштерди уюштуруу, инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн баалоону өткөрүү, майыптуулукту түшүнүү боюнча окутуу өткөрүлдү. Методикалык материалдарга мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери, андай адамдардын имаратта добуш берүүсүн уюштуруу боюнча бөлүм камтылган.

Дегеле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды шайлоо процессине тартуу үчүн КР БШКнын имаратына call-центр уюштурулуп, ал жерде ушундай жарандар оператор болуп иштешет.

“Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумду өткөрүүдө мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө” Жобого ылайык талапкерлер, саясый партиялар, референдум маселеси боюнча “макул” “каршы” агитациясына катышып жаткан топтор агитациялык материалдарды сурдокотормону же субтитрди, окуу үчүн ыңгайлуу чоңойтулган тамгаларды, ошондой эле Брайль тамгаларын жана башка атайын каражаттарды колдонуу менен, агитациялык материалдардын жалпы тиражынан бир пайыздан кем эмес санда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жарыялап жана жайылтууга милдеттүү:

- көзү көрбөгөн жана начар көргөн шайлоочулар үчүн – аудиоформаттагы анын ичинде радиоуктуруулар режиминде агитациялык материалдар, басма агитациялык материалдар ири тамгалар жана/же Брайль тамгасынын жардамы менен;

- укпаган жана начар уккан шайлоочулар үчүн – агитациялык материалдар (видеороликтер) субтитрлер жана/же сурдокотормо менен.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү