С. Турдумалиев КР БШКга документтерин чакыртып алаары боюнча арыз менен кайрылды

01 декабря 2020

2020-жылдын 1-декабрында КР жараны, "Улутман" республикалык саясый партиясынан КР Президентинин кызматына талапкер катары көрсөтүлгөн Сазыкбай Абдрахманович Турдумалиев КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылып, 2021-жылдын 10-январына дайындалган КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин чакыртып алуу боюнча арыз берди.
БШК Маалыматтык бөлүмү