Кол чогултуунун тартиби боюнча маалымат

27 ноября 2020

Кыргыз Респрубликасынын Конституицясынын 62-беренесинин 2-пунктунун жана «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 1-пунктунун талаптарына ылайык, талапкер 30 миңден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш, Мында сунуш кылынган колдор 60 миң шайлоочунун колунан ашпоого тийиш.

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 5-пунктуна ылайык, шайлоочулар ар башка талапкерлерди колдоп кол коюуга, бирок бир эле талапкерди колдоп бир гана жолу кол коюуга укуктуу.

БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы № 165 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу жана талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылган кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү тартиби жөнүндө» нускамага ылайык кол коюу барактарындагы бардык графалар шайлоочулар тарабынан ѳз колу менен, толук түрдѳ, жалпы кабыл алынгандарды: микрорайон - мкр., поселок - пос., кѳчѳ - к., чолок кѳчѳ – ч.к.., үй - үй., батир – бат. ж.б.у.с.  кыскартылбай толтурулат.

Шайлоочу байланыш телефонун ѳз калоосу боюнча кѳрсѳтүүгѳ укуктуу.  Шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгын текшерүү максатында кол коюлган барактарды алуу жана текшерүү боюнча  жумушчу топ шайлоочуга телефон чалып, маалыматтарды тактоого укуктуу.

Эгерде шайлоочу түшүрүп жаткан маалыматтар кол коюу барагынын тийиштүү графасына батпай жаткан учурда, шайлоочу аларды тѳмѳнкү графага түшүрүүгѳ укуктуу, мында кийинки шайлоочу ѳзүнүн маалыматтарын анын алдына жазууга тийиш.

Эгерде кол коюу барактарын текшерген учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна бир эле талапкерди колдогон  бир эле адамдын бир нече колу байкалса, бир гана кол тамга анык деп эсептелинет, калган кол тамгалар анык эмес деп таанылат.

Президентке талапкерди колдогон колдорду чогултуу боюнча кол коюу барактары мыйзамдарда белгиленген эсептик кѳрсѳткүчтүн он миң эсе ѳлчѳмүндѳ шайлоо күрѳѳсүн тѳккѳндүгүн тастыктаган документтер менен бирге ыйгарым укуктуу ѳкүл тарабынан шайлоо күнүнѳ чейин 37 календардык күндѳн кеч эмес, б.а. 03.12.2020-жылдын (кошуп алганда) 24:00 саатына чейин  Борбордук шайлоо комиссиясына берилет.

КР БШКнын маалымат борбору