КР БШК Ош облусунун Өзгѳн жана Кара-Суу райондорунда мѳѳнѳтүнѳн мурда президенттик шайлоого даярдыктар боюнча кеңешме ѳткѳрдү
27 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча бобордук комиссиясы Н. Шайлдабекованын тѳрагалыгында мѳѳнѳтүнѳн мурда президенттик шайлоого даярдыктар боюнча тѳмѳн турган аймактык (АШК) жана участкалык (УШК) шайлоо комиссиялары менен жумушчу кеңешме ѳткѳрдү.
Кеңешмеге Өзгѳн районунун акиминитн биринчи орун басары Ж. Алиев, Кара_Суу районунун акиминин биринчи орун басары К. Адиев, Ош облусундагы Өзгѳн (103-УШК) жана Кара-Суу (149-УШК) райондорундагы аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын тѳрагалары катышты.
Кеңешменин жүрүшүндѳ КР Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн уюштуруу маселелери каралып, комиссиялардын ишиндеги айрым мүчүлүштѳрдү, добуш берүүнүн жол-жоболорун жана калыс саноону бекем сактоо, идентификациялоо жана добуштарды автоматтык эсептѳѳ, маалыматтарды берүү жабдууларын пайдалануу кѳндүмдѳрүн жакшыртуу иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгы белгиленди.
Өзгѳчѳ эркин шайлоонун негизи катары добуш берүүнүн жашырындуулугун камсыз кылуу маанилүү. Добуш берүүнүн жашырындуулугун шайлоочулардын ѳздѳрү бузуп жаткан учурлардын кѳбѳйүп жаткандыгына байланыштуу (сүрѳткѳ тартып алуу ж.б.) мындай фактыларга таасир этүү алгоритми: бюллетень анык эмес (бузулган) деп таанылышы, шайлоочу комиссиянын мыйзамдуу талаптарын аткарбагандыгы үчүн (добуш берүүнүн жашырындуулугун сактоо, бюллетенди сүрѳткѳ тартууга, видеого түшүрүүгѳ тыюу салуу боюнча) жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендиги талкууланды.
Өткѳндѳгү КР ЖК депутаттарын шайлооунун сабактарын эске алуу менен, шайлоонун жүрүшүндѳ бузууларга натыйжалуу таасир этүү жана кабыл алынган чаралар жѳнүндѳ коомчулукка ѳз учурунда маалымдоо боюнча шайлоо комиссиялары менен укук коргоо органдарынын тыкыс ѳз ара аракеттерин камсыз кылуу милдеттери коюлду.
АШКдагы ыкчам таасир этүүчү координациялык топ райондор менен шаарларда ѳз иштерин КР БШКнын ыкчам таасир этүүчү координациялык тобу менен ѳз ара аракетте уюштуруусу зарыл. УШК менен АШКга келип түшкѳн бардык даттануулар БШКнын сайтындагы даттануулардын жана бузуулардын бирдиктүү реестрине ыкчам берилүүсү белгиленди.
Ошондой эле шайлоо процесстерине билим берүү кызматкерлеринин катышуусу, КР Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоо боюнча үгүт иштерине жана кол топтоо процессине билим берүү кызматкерлерин тартууга жол бербѳѳ маселелери да талкууланды.
БШКнын тѳрагасы мугалимдердин жана шайлоо комиссияларынын иштери үчүн ыраазычылык билдирди, алардын бийик компетенциясы жана жооперчиликтүүлүгү шайлоо системасынын ишинде олуттуу негиз болуп саналат.
Ошондой эле шайлоого даярдыктын мезгилинде комиссиялардын мүчѳлѳрүнѳ эмгек акысын сактоо менен ѳргүү бербегендиги үчүн Бузуулар жѳнүндѳ кодексте юридикалык жоопкерчилик (айып) каралгандыгы белгиленди.
Маалымат иретинде:
Өзгѳн районунда 140 139 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 103 участкасы ачылган. Шайлоого даярдоону шайлоо комиссияларынын 1307 мүчѳсү камсыз кылууда.
Кара-Суу районунда 244 183 шайлоочу бар. Алардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн райондо 149 участкасы ачылган. Шайлоого даярдоону шайлоо комиссияларынын 1 948 мүчѳсү камсыз кылууда.
КР БШК маалымат бѳлүмү
