БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча Республикалык штаб менен биргеликте Ош облусунда штабдын көчмө жыйналышын өткөрдү

27 ноября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөктөшүү боюнча Республикалык штаб менен биргеликте Ош облусунда штабдын көчмө жыйналышын өткөрдү.

КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова жана КР вице-премьер-министри, Республикалык штабдын  төрагасы М. Мамытканов бийликтин жергиликтүү органдары менен Ош шаарындагы жана Ош облусундагы шайлоо участокторунун даярдык процессин талкуулашты.

Азыркы учурда Ош облусунда 8 аймактык шайлоо комиссиясы жана 582 участкалык шайлоо комиссиясы иштейт, аларга комиссиялардын 7538 мүчөсү тартылган. Ош облусундагы шайлоочулардын жалпы саны ноябрдын аяк ченине карата 876 850 адамды түздү.

Мамлекеттик каттоо кызматы түзгөн шайлоочулардын алдын ала тизмесин жана 2020-жылдын 10-ноябрынан тартып “Тизме” маалыматтык порталына -  https://tizme.gov.kg/, 2020-жылдын 19-ноябрынан тартып бардык УШКларда жайгаштырды. 1-форма боюнча арыздарды кабыл алуу 2020-жылдын 30-декабрына чейин улантылат.

Учурда 2-форма боюнча арыздарды кабыл алуу жоюлгандыгына байланыштуу мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери боюнча БШК КР Өкмөтү менен биргеликте иш жүргүзүүдө. Себеби катталган жери боюнча добуш бере албай турган КР жарандарынын айрым категорияларынын (ички жана тышкы мигранттар, студенттер, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, катталбаган объектилерде жашаган жарандар, туруктуу жашаган жери жок жарандар) шайлоого катышуу маселелерин чечүү милдети турат.

Кеңешменин алкагында мамлекеттик органдарга шайлоо процессинде бузууларга жол бербөөгө көмөктөшүү тапшырылды, шайлоонун жүрүшүндө  бузууларга натыйжалуу чара көрүү жана көрүлгөн чаралар жөнүндө коомчулукка өз убагында маалымдоо боюнча шайлоо комиссияларынын менен укук коргоо органдарынын тыгыз өз ара аракеттешүүсүн камсыздоо милдети коюлду.

Облустук жана шаардык штабдардын көчмө жыйналышында КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова пандемия шартында ар бир шайлоо участогу жекече коргоо каражаттары – беткап, дезинфекциялоочу каражаттар (антисептиктер) жана жугузбоочу салфеткалар менен жабдыла тургандыгын эскертти.

“Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоодо добуш берүү күнү Ош облусунда шайлоочулар социалдык аралыкты сактабай, көп топтолгон учурлар болду. Ошондуктан алдыдагы КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүү күнү санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди сактоону контролго алууну укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен суранабыз“, - деди КР БШК төрагасы.

Республикалык штабдын көчмө жыйналышында УШКларды ылдамдыгы жогору  интернет жана байланыш менен камсыздоого тийиштүү маселелери талкууланды. Жергиликтүү бийликтерге участкалык шайлоо комиссияларын үзгүлтүксүз электр жабдуу жана калориферлер менен камсыздоо, ошондой эле шайлоо участокторунда шайлоочунун өздүгүн идентификациялоо үчүн температуралык режимди сактоо тапшырылды.

Шайлоо комиссияларынын өкүлдөрүнө,  ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларына УШКларды пандус жана жардамга чакыруучу баскычтар менен жабдуу боюнча ишти улантуу тапшырылды. Бул түзүлмөлөр калктын тез кыймылдай албаган категорияларына – ДМЧА, кичине балдары бар ата-энелерге, кары адамдарга арналган.

БШК маалымат бөлүмү