КР БШК Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады

26 ноября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-ноябрында өз жыйналышында Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө токтом кылды.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 10-ноябрындагы № 302 токтому менен 2020-жылдын 24-ноябрына дайындалган Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, БШК Нарын облусунун Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2020-жылдын 10-декабрына дайындалсын жана саат 9:00дон 12:00го чейин өткөрүлсүн деп токтом кылды.

Нарын аймактык шайлоо комиссиясыга кайра шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурууну тапшырылды.

КР БШК маалымат бөлүмү