БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого коомдук байкоочуну каттады

26 ноября 2020

26-ноябрда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-1-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-18-беренелерин, 2020-жылдын 24-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жөнүндө” КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №263-токтомун, 2017-жылдын 11-июлунда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы №226-токтом менен бекиткен “Кыргыз Республикасынын Президентин, КР Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана референдумда коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен чечим кабыл алды:

1. 2020-жылдын 2-ноябрында КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын №269-чечими менен “Общее дело” коомдук фондунан катталган коомдук байкоочу Сейт Рысбекович Бобушевдин каттоосун жокко чыгарылып, ага берилген №3-күбөлүк жараксыз деп табылсын.

2. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде “Общее дело” коомдук фондунан коомдук байкоочу катары Канышай Болотбековна Мамытованы КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясында каттап жана ага кабыл алынган үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү