КР БШК Жалал-Абад шаарынын укук коргоо органдары үчүн тренинг ѳткѳрдү
26 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын демилгеси боюнча Бишкек шаарындагы Программалык офистин колдоосунда «Жарандык платформа» КФ менен бирдикте машыктыргычтардын командасы Жалал-Абад шаарында укук коргоо органдарынын, ички иштер органдарынын, прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн окутуучу семинар ѳткѳрдү.
Тренингдин жүрүшүндѳ ѳткѳн парламенттик жана алдыда болуучу Президенттик шайлоолордогу тобокелчиликтер, ошондой эле КР БШКнын укук коргоо органдары менен ѳз ара аракеттеринин натыйжалуулугу талкууланды.
Окутуунун программасында – шайлоо мыйзамдарынын бузгандык үчүн конституциялык-укуктук жоопкерчилик; шайлоо комиссиялары тарабынан жана бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароо боюнча комиссиялар тарабынан даттанууларды (арыздарды) кароонун тартиби; шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен ѳз ара аркеттенүүсүнүн тартиби; шайлоону даярдоо жана ѳткѳрүү мезгилинде добуштарды сатып алуу; шайлоо процессине тийиштүү башка бир катар маселелер турду.
Шайлоонун башкы максаты – чектѳѳнү четтеттүү, жарандардын шайлоо укуктарын жүзѳгѳ ашыруу үчүн шарттарды түзүү экендиги белгиленди.
Тренинг административдик ресурстарды кыянатчылык менен пайдалангандыгы үчүн жоопкерчиликти караган практикалык окууларды, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузуулардын ар кандай түрлѳрүн камтыган бир катар кейстерди жана юридикалык жоопкерчиликтин нормаларын колдонуунун тарибин талдоону ѳзүнѳ камтыган.
БШКнын маалымат бѳлүмү
