КР БШК Ж. К. Сүйүналиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

24 ноября 2020

24-ноябрда КР Боршайкому өз жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Жаныбек Курманканович Сүйүналиевдин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн:

1. Эркинбек Калыевич Дюшембиевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Жаныбек Сүйүналиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү,

2. Хамида Алпамышовна Укубаеваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Жаныбек Сүйүналиевдин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды.

Чечим 2020-жылдын 23-ноябрындагы Жаныбек Сүйүналиевдин арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү