Э. К. Абакировдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү алмашты
24 ноября 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 24-ноябрдагы жыйынында КР Президенти кызматына талапкер Э.К. Абакировдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосун жокко чыгарып алардын катталган күбөлүктөрү жараксыз деп табылган токтом кабыл алды:
- Элчибек Акматбекович Эшенов, 2020-жылдын 16-ноябрында КР Боршайкому тарабынан №329-токтому менен катталган;
- Мунара Даниярбековна Маматалиева, 2020-жылдын 16-ноябрында КР Боршайкому тарабынан №329-токтому менен катталган.
БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Э. К. Абакировдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоого токтом чыгарды:
- Темирлан Сапарбекович Абитов
- Айнура Мелисовна Кадыракунова.
Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Э. К. Абакировдун өзү-өзү талапкер катары көрсөтүүсүнүн жана мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алып, кайра башка ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү дайындоо боюнча 2020-жылдын 23-ноябрындагы арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү.
