КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
24 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 24-ноябрындагы өз жыйналышында Кара-Буура, Кызыл-Кыя жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү жөнүндө токтом кылды.
Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айылдык кеңешинин депутаты Кайкиев Балтабай Байсылдаевичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу токтотулду. Мандат фермер Рашев Жамгырбай Турдалиевичке өткөрүп берилди.
Бир жылда төрттөн ашык жолу жергиликтүү кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз катышпагандыгына байланыштуу Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Махмедов Акимжан Касымовичтин ыйгарым укуктары токтотулду. Мандат пенсионер Осмонов Турсуналиге өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Абдылдаев Азамат Абдылдаевичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Алпаров Кубатбек Жумабековичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Турдукеев Шайлообек Азизовичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат убактылуу иштебеген Шамбетов Бактияр Капаровичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Аштыкбаев Нурбек Бейшеновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат врач Исаев Сапарбек Уркасымовичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Бокуев Муратбек Асановичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат окутуучу Шабаев Айбек Сагыновичке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешинин депутаты Тезеков Аруун Абдылмажиновичтин ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде токтотулду. Мандат окутуучу Осмонов Эрмек Иманкуловичке өткөрүп берилди.
Ошондой эле КР БШК 2020-жылдын 24-ноябрындагы жыйналышында Түп аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештерге талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимин бекитти:
Талапкерлерден түшкөн өз арыздарынын негизинде Казаков Марлен Мелисович, Жумадылов Жыргалбек Токтошевич, ЖунушалиеваЭлмира Ракымовна, Чоркозов Эрлан Акматович, Момоев Айбек Исаевич Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал айылдык кеңешине талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.
Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесине ылайык кабыл алынды.
КР БШК маалымат бөлүмү
