БШК 12 талапкердин документин кайрып берди

20 ноября 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 19-ноябрындагы отурумунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тапшырган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун маалыматын угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3 беренесин, 49 беренесинин 5, 8 бөлүгү, 50,51- беренелеринин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 18-беренесин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тапшырган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун төмөнкү талапкерлердин документин кайтарып берүү чечимин канааттандырды:

  1. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3 берененин 3, 4 бөлүктөрүндө каралган негиздер боюнча (соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнө ылайык эркиндигинен ажыратуу жайларында кармоо, соттуулугу белгиленген тартипте жоюлбаган):

 

  1. Асанов Бектур Жантөрөевич;
  2. Мотуев Нурлан Аманканович;
  3. Кадыров Кубанычбек Бекбосунович.

2) “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 49-берененин 4, 5 бөлүктөрүндө, 51-беренесинде каралган негиздер боюнча (белгиленген мөөнөттө мамлекеттик тилди билүү сертификаты берилбеген) Зариповой Анар Аскарбековне;

  1. Араева Анаркуль Медербековна;
  2. Акжолтоев Тынчтык Акжолтоевич;
  3. Лилиенталь Юлия Викторовна;
  4. Капаров Чынгыз Капарович;
  5. Искендеров Жеенбек Урудинович;
  6. Клипачева Елена Сергеевна;
  7. Аджиматов Султан Азаматович;
  8. Базаркулов Куттумидин Дербишалиевич
  • Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү 2020-жылдын 14-ноябрынан баштап жүрдү.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү