КР БШК эки АШКнын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизди
20 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 20-ноябрындагы жыйналышында Ноокат жана Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды:
Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы:
- “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эндешов Марипжан Абдыкасымович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдуллаева Зулайка комиссиянын резервинен чыгарылсын;
- “Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шапиев Улукбек Мурзабекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясы:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Адинаев Жамалидин Жетимишович, Абдулдаев Шарафидин Эсеналиевич, Ташмаматов Кубанычбек Парпиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдибалиев Айбек Абдыкалыкович, Исираилов Бейшен Арпидинович, Шадыбек уулу Кудретилла резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
Чечим Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгуу боюнча З. Абдуллаеванын арызынын, Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Ж.Ж. Адинаевдин, Ш.Э. Абдулдаевдин, К.П. Ташмаматовдун арыздарынын, М.А. Эндешовду Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18,19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
