Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды
20 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 20-ноябрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 4-ноябрындагы №291 токтому менен дайындалып, 2020-жылы 18-ноябрда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоонун натыйжаларын бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Максутов Кылычбек Замирович катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаты тарабынан сунушталган.
Добуш берүүгө Ак-Жар айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, К.З. Максутов – 16 добуш алган, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 3 добуш берилген. Кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндө Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 18-ноябрындагы протоколу менен Максутов Кылычбек Замирович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп таанылды.
Чечим 2020-жылдын 18-ноябрындагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
