КР БШК Айбек Эркетаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

19 ноября 2020

19-ноябрда КР Боршайкому Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Айбек Шарабидинович Эркетаевдин 19-ноябрдагы арызынын негизинде төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн:

1. Нургуль Шарабидиновна Эркетаеваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Айбек Эркетаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү,

2. Гулия Элебаевна Байтулакованы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Айбек Эркетаевдин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды.

Чечим 2020-жылдын 19-ноябрындагы Айбек Эркетаевдин арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү