КР БШК Е.Б. Токтогуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

19 ноября 2020

Бүгүн – 2020-жылы 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ербол Бекинович Токтогуловдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:

1. Турдумалиев Кайрат Сазыкбаевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Е.Б. Токтогуловдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары;

2. Токтогулова Жылдыз Бекиновнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Е.Б. Токтогуловдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары.

Чечим Е.Б. Токтогуловдун 2020-жылдын 18-ноябрындагы жеке арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.

БШК маалымат бөлүмү