КР БШК Турсунбай Бакир уулунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

19 ноября 2020

19-ноябрда КР Боршайкому Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбай Бакир уулунун 18-ноябрдагы арызынын негизинде төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн:

1. Аскар Арсланбекович Алымкуловдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбай Бакир уулунун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү,

2. Улан Кадырбекович Джаналиевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбай Бакир уулунун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды.

Чечим 2020-жылдын 18-ноябрындагы Турсунбай Бакир уулунун арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү