КР БШК Жалал-Абад шаарынын мэрин жана Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындады

19 ноября 2020

Бүгүн – 2020-жылы 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйналышында Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин жана Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын жаӊы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоону 2020-жылдын 3-декабрына дайындоо жана саат 09:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү жөнүндө токтом кылды.

КР БШКнын 2020-жылдын 29-октябрындагы № 277 токтому менен 2020-жылдын 17-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоодо 1 талапкер катталган, катталган талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арызын жазып берген.

Ошондой эле БШК Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын мурда каттоодон өткөн талапкерлер менен кайра шайлоо 2020-жылдын 3-декабрына дайындоо жана саат 09:00дөн 12:00гө чейин өткөрүү жөнүндө токтом кылды.

КР БШКнын 2020-жылдын 31-октябрындагы № 280 токтому менен 2020-жылдын 18-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кворумдун жоктугунан өткөн жок.

Чечим “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө” жана “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык кабыл алынды.

Жалал-Абад жана Сузак аймактык шайлоо комиссияларына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринин сактоо менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колдорду тазалоо) өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.

БШК маалымат бөлүмү