БШК С.А. Энназаровдун ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады
18 ноября 2020
Бүгүн, 2020-жылдын 18-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Энназаров Санжарбек Арзыкуловичтин тѳмѳндѳгү ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүн каттады:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.А. Энназаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Арзыкулов Азатбек Мирлановичти
- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.А. Энназаровдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Кадыралиева Назгул Таалайбековнаны.
Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 2, 19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бѳлүгүн жетекчиликке алып, С.А. Энназаровдун 2020-жылдын 16-ноябрындагы арызынын негизинде кабыл алынган.
БШКнын маалымат бѳлүмү
