БШК А.Ш. Тукуновдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

18 ноября 2020

Бүгүн – 2020-жылы 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тукунов Акжолтой Шакирбековичтин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:

1. Жакшылыков Руслан Шайыкбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш. Тукуновдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын;

2. Кудайберген уулу Тилекмат Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ш. Тукуновдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.

Чечим А.Ш. Тукуновдун 2020-жылдын 16-ноябрында арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.

БШК маалымат бөлүмү