БШК И.Ш. Товкеевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
18 ноября 2020
Бүгүн – 2020-жылы 18-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Товкеев Ильгиз Шамшытбековичтин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:
1.Кушубаков Бекболсун Жаныбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.Ш. Товкеевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын;
2.Шамшытбек уулу Бексултан Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.Ш. Товкеевдин каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
Чечим И.Ш. Товкеевдин 2020-жылдын 17-ноябрында арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
