БШК “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизди
18 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн жыйналышында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы №279 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүүсүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө токтом кылды:
1) 25-пунктта «5 пайыздан» деген сөздөр «1 пайыздан» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 43-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Шайлоо комиссияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар, байкоочулар, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоого түздөн-түз же кыйыр түрдө байланыштуу жумуштарды жана кызматтарды акысыз жүзөгө ашырууга укуктуу.”.
Чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кээ бир ченемдик укуктук актыларын “Кыргыз Республикасыын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-ноябрындагы №2 конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
