Ж.Б. Батыров Новопавловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайланды
18 ноября 2020
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 16-ноябрында болуп ѳткѳн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-октябрындагы № 270 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого добуш берүүнүн жыйынтыгын жана натыйжаларын бекитүү тууралуу токтом кабыл алды.
Новопавловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан кѳрсѳтүлгѳн Батыров Жоодат Борисович катталган.
Добуш берүүгѳ Новопавловка айылдык кеңешинин 21 депутатынын ичинен 17 депутат катышкан. Ж.Б. Батыров 14 добуш алган, «талапкерлердин баарына каршы» позициясы үчүн -3 добуш берилген.
Шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 13-ноябрындагы протоколу менен Ж.Б. Батыров Новопавловка айыл ѳкмѳтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы белгиленди.
КР БШКнын маалымат бѳлүмү
