БШК К. С. Исабековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

16 ноября 2020

Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кубанычбек Сатиндиевич Исабековдун төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн:

1. Таштанбек Израилович Джанузаковду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. С. Исабековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү,

2. Шермат Боронбаевди Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. С. Исабековдун финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары каттоо токтомун кабыл алды.

 Чечим 2020-жылдын 16-ноябрындагы К. С. Исабековдун арызынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" КР мыйзамынын 18-беренесинин 3-бөлүгүн, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-19- пункттарын жетекчиликке алуу менен кабыл алынды.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү