БШК Э.М. Турдубекованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

16 ноября 2020

Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Элеонора Маратовна Турдубекованын төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө токтом кылды:

1. Усупбекова Назгүл Маратовна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.М. Турдубекованын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын;

2. Букуралиева Майрамкүл Жолоновна Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.М. Турдубекованын каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.

Чечим Э.М. Турдубекованын 2020-жылдын 16-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.  

БШК маалымат бөлүмү