БШК А.К. Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16 ноября 2020
Бүгүн – 2020-жылы 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арсланбек Касымакунович Малиевдин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кылды:
Кадыров Демир Саматович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Малиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
Чечим А.К. Малиевдин 2020-жылдын 12-ноябрындагы арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып кабыл алынды.
БШК маалымат бөлүмү
